Акылы менен дүйнөнү дүңгүрөткөн- Султан Абдулхамид II
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
234K subscribers
395,371 views
12K

 Published On Premiered May 28, 2023

Чачыранды болгон немис элин жыйып, өз өлкөсүн империйага айланткан белгилүү немис канцлери Отто фон Бисмарк бул киши жөнүндө мынтип айткан: "Эгерде учурда дүйнөдө 100 грамм сайасий акыл (парасаттуулук) болсо, анын 90 граммы бул кишиде, 5 граммы болсо менде, ал эми калган 5 граммы жалпы калган сайасатчылар ортосунда бөлүнгөн". Бисмарк мактаган бул киши кулап жаткан Осмон дөөлөтүнүн салтанатын 33 жылга узартып, тышкы жана ички душмандар менен күрөшүп гана тим болбостон, өз өлкөсүн тышкы карыздан кутултуп, көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырган. Бүгүн сайасаттагы парасаттуулугу жана өзгөчө диндар мамилеси менен Осмон дөөлөтүнүн соңку доорундагы эң күчтүү султаны макамына ээ болгон султан Абдулхамид II жөнүндө кеп кылабыз.

show more

Share/Embed