Published On Sep 9, 2024
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуштаган документ талкуу жаратууда.
Орусиянын аскерлери 9-сентябрга караган түнү Киевге сокку урду. Украинанын борбору ушуну менен сентябрдын башынан бери бешинчи ирет аба чабуулдарына кабылды.
Кыргызстанда соңку жети айда тогуз миңдей үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул өткөн жылга салыштырганда 22 пайызга көп.
0:00 Анонс
0:55 Диний чөйрөгө тиешелүү долбоордун макулдашылган варианты иштелип чыгат
6:45 Киевге бир айда бешинчи жолу чабуул болду
10:26 Тажикстандык дарыгерлер Орусияда начар мамилеге туш болуп жатканын билдиришти
12:33 Ички иштер министрлиги Кыргызстанда соңку жети айда 8 956 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирди
13:50 Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көбөйтүүгө убактылуу тыюу салды
14:50 Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылып, 9-сентябрда таймаштар башталды
#бүгүназаттыкта #дин #никаб #даават
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus