Published On Premiered Jul 1, 2022
Баардык эмгектеримди ушул жеке баракчама киргизип турам. Катталып, жакшы ой-пикирлериниздерди калтырып турунуздар.
Эскертуу!!! Ырлар башка каналдарга уруксатсыз алууга болбойт.
Аткаруучу; / aiturgan_abdrazakova
Аранжировка: / nurjigit_bazylbekov
Сунуштар учун байланыш ном: 0700 407 299
Текст; "Сага карай жол издейм"
Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тунжурап.
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.
[Кайырма]
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат.
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?
Арманым ичке батпай,
Айласыз изденип, бирок таппай.
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес, түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.
#акын #болбосомда #сен #учун #деп #ыр #курам