Published On Oct 11, 2024
Президенттин тапшырмасы менен салынып жаткан Нарын шаарындагы 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулуш иштери уланууда. Аталган үйлөр төрт блоктон, жалпы 216 батирден турат. Азыркы тапта үйлөрдүн кабаттары улам көтөрүлүп, 20дан ашык жумушчу иштеп жатат. Эгер иш бул ыргагынан жазбаса жакынкы жылдары пайдаланууга берилээри мерчемделүүдө.
show more