Бисквит кантип жасалат? Классический бисквит // Бисквит для торта.
Даамдуу Тамактар Даамдуу Тамактар
332K subscribers
68,238 views
2.2K

 Published On Nov 17, 2020

#бисквит #даамдуутамактар #классическийбисквит #кыргызчарецепттер
Бисквит кантип жасалат?

Салам достор! 🎂🍰🥮🧁🥧
Даамдуу тамактар каналына кош келиңиздер! 🤗
Бүгүнкү видеодо классикалык бисквиттин жасалышы жөнүндө болмокчу 👍👍👍
Көп азыкты талап кылбаган, бирок кылдаттык мамилени талап кылат, видеону аягына чейин көрүп, жакса, пайдалуу болсо лайк басканды үйрөнөбүз достор😀 мен үчүн абдан маанилүү.
Суроолор, сунуштар болсо комментарийге жазыңыздар👇
Каналыма каттала элек болсоңуз сөзсүз катталып коюңуздар, алдыда көптөгөн пайдалуу рецепттер болот буйруса😉

Бисквит үчүн керектүү азыктар:

✓ Жумуртка 5 даана
✓ Кумшекер 180 гр.
✓ Ун 180-200 гр.
✓ Разрыхлииель 5 гр.

✅ Эленген унга разрыхлительди кошуп жакшылап аралаштырабыз.

✅ Жумуртканы агы менен сарысына бөлүп алабыз.

✅ Жумуртканын агын миксердин жардамы менен бир аз көбүрүп чыкканча чалабыз, кумшекерди себелеп кошуп, миксердин ылдамдыгын бир аз көбөйтүп 5-7 мүнөт тынбастан чалабыз.

✅ Жумуртканын агы көбүрүп, көлөмү 2-3 эсе көбөйүп чыкканда сарысын бирден кошуп, жай ылдамдыкта жөн гана аралаштырабыз.

✅ Кургак азыктарды жумурткага эки болуп кошуп, силикон аралаштыргычы менен этияттык менен ылдыйдан өйдөнү көздөй аралаштырабыз.

✅ Шакекче форманын алдына фолга төшөп, четтерин бекитип, камырды куябыз.

✅ Духовканы алдын ала ыссытып 170 градуска 30-35 мүнөттөй бышырабыз.

✅ Алгачкы 25 мүнөт дузовканын оозун такыр ачпайбыз.

✅ Бышакын жыгач таякча менен текшеребиз, ортосуна сайганда кургак чыгыш керек.

✅ Даяр бисквитти салафанга ороп 5-6 саат муздаткычка коюп койсоңуз жакшы болот.

Классический бисквит // Бисквит для торта

Мой инстаграм:   / daamduu.tamaktar  

show more

Share/Embed